Марал Радиосу

Эртең Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштайт

Эртең, 15-августта «Бишкек-2 – Балыкчы» багытындагы жүргүнчү ташуучу поездинин каттамы кайрадан жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, № 608 «Бишкек-2 – Балыкчы»  поезди Бишкек-2 бекетинен саат 07:40та чыгып, Балыкчы бекетине саат 11:42де жетет.

Ал эми № 609 «Балыкчы – Бишкек-2» поезди Балыкчы бекетинен саат 17:48де чыгып, Бишкек-2 бекетине 21:50дө келет.

Билет баалары жөнөкөй вагондо чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом. Ал эми люкс вагондо чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.

Эскерте кетсек, буга чейин Боом капчыгайында селдин кесепетинен «Бишкек-2 — Балыкчы» темир жол каттамы убактылуу токтотулган.