Марал Радиосу

Бишкектеги ок атышуу: Милиция үч шектүүгө издөө жарыялады

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы 7-августта Каарман көчөсүндө болгон ок атышууга шектүү адамдарга издөө салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Аталган окуяда бир киши октон жараат алган. Ага байланыштуу адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн арасында Бишкек шаарында туулган 23 жаштагы Николай Степанов, Өзбекстанда туулган 28 жаштагы Лев Степанов жана 29 жаштагы Геннадий Каландаров бар.

Милиция аталган шектүүлөргө байланыштуу маалыматы бар адамдарды 0312 48-64-47, 0552 102-906, 0554 102-147 же 102 номерлерине кайрылуусун өтүнөт.

Эске салсак, 7-августта Бишкектин Каарман көчөсүндө мушташ болуп, ал ок атуу менен аяктаган. Октон бир адам жаракат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.