Марал Радиосу

Баткенде 30 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда

Баткенде 30 жаштагы жаранды издөө иштери жети күндөн бери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 7-август күнү Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын 30 жаштагы тургуну Кишемиш жайлоосуна мал айдоого кетип, кечки саат 18:00 чамасында ат менен Дөгмөн жайлоосу аркылуу үйүнө кайткан бойдон дайынсыз болууда.

Издөө иштерине Баткен шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 9 куткаруучу, жергиликтүү элден 50 жаран, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнөн 7 кызматкер тартылган.

Алдыда кошумча маалымат берилет.