Марал Радиосу

Жалал-Абад: Директорлорду тандоо сынагына 220 талапкер катышып, 61и өттү

11-августта Жалал-Абад облусундагы мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка 314 талапкер документ жиберип, анын 94ү документтерин толук тапшырбагандыктан экинчи этапка өткөн жок.

Белгиленгендей, компьютердик тестирлөөгө 220 адам катышып, 61 талапкер өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин жарлыгы менен 5 жылдан ашык иштеген мектеп директорлору ээлеген кызматынан бошотулары айтылган. Июль айынын аягында өлкө боюнча 966 мектептин директорлук кызматына сынак жарыяланган.

Мектеп директорлорун тандоо сынагы кечээ Баткен облусунда да өтүп, босого баллдан 60 талапкер өткөн. 19-20-август күндөрү Чүй облусунда талапкерлерди сынактык тандоо өткөрүлөт. Андан соң 22-августка Талас облусунда тестирлөөнү өткөрүү пландалууда.

Exit mobile version