Марал Радиосу

Бишкекте 25-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган марафон өтөт

Бишкекте 25-сентябрда ак илбирсти сактоого арналган SNOW LEOPARD RUN эл аралык жарым марафону өтөт.

Жарышты Nomad Sport компаниясы уюштурууда. Ага кесипкөй жөө күлүктөр жана спорт сүйүүчүлөрү катыша алат.

Катышуучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга (жарым марафон) чуркашат. Ошондой эле 3төн 10 жашка чейинки балдар үчүн Kid’s Run жарышы өткөрүлөт.

Жарышка катышууну каалагандар 15-сентябрга чейин акчасын төлөп каттоодон өтүшү керек. Жарышка катышуунун шарттары тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алууга болот.

Өткөн жылы чуркоодон түшкөн каражаттын олуттуу бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) жумшалган. Чогулган акчанын 1 млн сомдон ашыгына жаңы «Нива» үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган.

Ал унаанын ачкычы кечээ, 10-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутмановага тапшырылды. Бул унаа Ысык-Көлдүн биосфералык аймагынын токойчуларына өткөрүлүп берилет.

Exit mobile version