Марал Радиосу

«Салык чек» лотереясынын катышуучуларынын саны 100 миңден ашты

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын катышуучуларынын саны 100 миңден ашты.

«Салык чек» тиркемесин жүктөгөн жүз миңинчи колдонуучу Бишкек шаарынын тургуну болгон.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучулары 6,7 млрд сомдон ашуун суммадагы кассалык чектерди сканерден өткөрүшүп, 6,6 млндон ашык лотереялык ID-белеттерин алышкан. 

Лотереянын экинчи туру ушул жылдын 1-октябрында өтөт. Анда бир автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 11 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Лотереяга катышуучу үчүн «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана тиркеменин сканеринин жардамы менен сатып алуу учурунда алынган кассалык чектердеги QR-кодду сканерден өткөрүү зарыл.