Марал Радиосу

Тендерлер тууралуу маалыматты камтыган Tender Smart платформасы ишке кирди

Кыргызстанда жарыяланган бардык жеке жана мамлекеттик тендерлерлерди көрүүгө мүмкүн болгон Tender Smart платформасы ишке кирди. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңеши билдирди.

Платформа маалыматтардын тынымсыз жаңыланып тургандыгынан улам, учурдагы тендерлер жөнүндө бардык керектүү маалыматты ыкчам чогултат. Сайттан ачкыч сөздөр же параметрлер аркылуу издеген маалыматты табууга болот.

Платформа ошондой эле рынокту, атаандаштарды анализдөөгө, эң пайдалуу бүтүмдөрдү табууга, тендерге катышуу этаптарын көзөмөлдөөгө жана келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берүүчү функциялар менен жабдылган.