Марал Радиосу

Кадамжайда 20 адамдан 75 миң сомдон алдап алган аял кармалды

Баткен облусунун Кадамжай районунда акыркы бир ай аралыгында «Умра» сапарына жөнөтүүгө акча алып, алдап жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Кадамжай милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан жоопко тартууну суранып 16 жарандан арыз түшкөн.

Арыздар Кадамжай милициясында Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Кечээ, 9-август күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын эч жерде иштебеген 39 жаштагы А.Б. аттуу тургуну Ош шаарында жүргөн жери аныкталып, кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү жаран 20 адамдын ар биринен 75 миң сомдон акча алган. Учурда кармалган шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Exit mobile version