Марал Радиосу

«Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт

Бишкек мэриясы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын таштандыларды чыгаруу бөлүмүнүн жумушчуларын, тактап айтканда жүктөгүчтөрдүн эмгек акысын көтөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы айда эмгек акы 2 миң сомго көбөйтүлдү. Бул акча 15-августта 127 ташуучуга чегерилет.

Ошондой эле жетекчилик айлыктарды август айында көтөрүүнү пландоодо.

Exit mobile version