Марал Радиосу

Жалал-Абад облусунун бир катар райондорунда сел жүрдү (видео)

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 9-августта саат 19:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен Терек-Сай айыл аймагындагы Кызыл-Токой айылында сел жүрүп, Ала-«Бука — Каныш-Кыя» унаа жолунун 20-25-чакырымында жол каттамдар убактылуу жабылган.

Мындан сырткары, аталган айылда жайгашкан 4 сарайга сел кирген.

Ошол эле күнү саат 20:30–21:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен Өрүктү айыл аймагындагы Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, 4 турак үйдүн мал сарайларына суу кирип, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө суу толгон. «Ала-Бука – Өрүктү-Сай» унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган.

Учурда жол каттамы ачык.

Exit mobile version