Марал Радиосу

Эртең бийлик өкүлдөрү Талас облусунун эли менен жолугушат

Эртең, 11-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Ички иштер министри Улан Ниязбеков Талас облусунун калкы менен жолугушууларын баштайт. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жарыялады.

Бул жолугушуулар президенттин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө багытталган.

Буга чейин мамлекеттик органдардын жетекчилери Чүй жана Жалалабад облусунун тургундары менен жолугушууларды өткөргөн. Мындай жолугушуулар өлкөнүн башка облустарында да өткөрүлөт.

Exit mobile version