Connect with us

Жогорку окуу жайларда гранттык негизде 608 орун бош

Кыска кабар | 10 Авг 2022 | 432 | 0

Бүгүн, 10-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган жогорку окуу жайларга кабыл алуунун IV турунда гранттык негизде 608, келишимдик негизде 66 миң 321 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, 3-августта аяктаган.

III турда пландалган 1059 бюджеттик орунга 2108 абитуриент, келишимдик негиздеги 69 миң 120 орунга 4809 абитуриент тапшырды.

Жогорку окуу жайлар гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3 миң 827 абитурентти кабыл алууга сунуштаган. 6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3827 абитурент тастыктады.

Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3% жана келишимдик орундардын 20,14%ы пайдаланылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM