Каржы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонду сүт тармагында иш алып барган ишкерлерге насыя бере баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин расмий сайтында жарыяланды.
Сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында «Сүт секторун кредиттөө долбоору» иштелип чыккан. Министрлик программа сүт өндүрүү үчүн бодо малдын санын көбөйтөт деп ишендирүүдө.
Долбоордун алкагында айылдык товар өндүрүүчүлөргө 500 миң сомго чейин жана дыйкан чарбаларына 1 млн сомго чейин насыялар берилет.
Насыялар төмөнкү шарттарда берилет:
- жылдык 6% менен,
- 36 айга чейин,
- күрөө менен,
- 9 айга негизги карызды жабуу үчүн жеңилдетилген мөөнөт менен,
- квартал сайын төлөө,
- кепилдик менен 150 миң сомго чейин кредиттерди берүүнү карайт.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: 0312 30 48 83, 0997 88 55 54, 0755 55 88 71.