Ош шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 250 млн сомдук курулушту курууга тендер жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мэр Алмаз Мамбетов «Ош шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу» программасынын алкагында Ош шаарынын суу алуучу курулмасын жана суу тосмосуна суу түтүгүн курууга тендер жарыяланганын билдирди.
Бул долбоордун негизги максаты — нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде калаа тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын плотинасына чейин сел каналдары бар, алар аркылуу Ак-Буура дарыясы жаан-чачындуу мезгилде булганат. Бул долбоордун алкагында диаметри 1000 мм болгон 2,4 км суу линиясын тартуу пландалууда.
Иштин бул түрлөрү үчүн АӨБ долбоорунун алкагында бөлүнгөн 250 млн сом каралган. Курулуш мөөнөтү 2 жыл.
Аталган долбоор боюнча иш 2016-жылы башталган, бирок быйыл жүзөгө ашыруу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Долбоор ишке ашкандан кийин нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын мезгилинде жарандарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси 70-80%га чечилээри күтүлүүдө.