Марал Радиосу

Бишкектеги №61 мектептин директору коррупцияга шектелип кармалды

Бишкектеги белгилүү физика-математикалык №61 мектеп-лицейинин директору Юрий Низовский коррупцияга шектелип кечээ, 9- авгут кечинде кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Низовский тарабынан түзүлгөн туруктуу коррупциялык схема аныкталган. Ал окуучулардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча каражаттарын алып келген.

Тактап айтканда, аталган мектептин 1-классына кабыл алынуусу үчүн бир канча ирет акча алган факты далилденген.

Ал мүлктөрүн жакын туугандарынын жана ишенимдүү адамдарынын атына каттатып келген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын өзүнүн жана туугандарынын атына катталган 150 млн сомдук 35 мүлкү аныкталган.

Ошондой эле анын жашаган батирине, жумуш ордуна жана дачасына тинтүү жүргүзүлүп, чет өлкө валютасындагы өзгөчө чоң суммадагы акчалар табылган.

1991-жылдан бери директор болуп иштеп келе жаткан Низовский Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version