«Бишкек — Балыкчы» темир жол каттамы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Боом капчыгайында орун алган селге байланыштуу «Бишкек-2 – Балыкчы» каттамын 10-августка чейин убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган.
Учурда жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.
Каттамдын кайрадан ишке киргизилүүсү боюнча кошумча маалымат берилет.