Быйыл 7 айда 40 миң 960 жаранга пенсия чегерилди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, ушул жылдын июль айында 4 миң 163 жаранга пенсия чегерилген.
Андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 867 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелген.