Марал Радиосу

Бишкекте ботаникалык бактан өрт чыкты

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Иса Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыкып, учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан өчүрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт кырсыгы катталган дарекке саат 14:12де Октябрь райондук өрткө каршы бөлүмдөн 1 бөлүм, кошумча саат 14:33тө Октябрь райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо 15:02де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.