Марал Радиосу

Көлбаев туннелиндеги оңдоо иштери аяктап, чектөөлөр алынды

Бүгүн, 8-августта «Бишкек-Ош» унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы Кусеин Көлбаев атындагы туннелде жолду жамоо иштери аяктады жана унаалардын өтүүсүнө болгон чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 29-июлунан 7-августуна чейин күз-кыш мезгилине даярдоо (патчинг) боюнча оңдоо-калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын кыймылы айрым учурларда чектелген. Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болду.

Бүгүн, 8-августка карата туннелди жамоо иштери аяктап, туннел толугу менен ачык.