Марал Радиосу

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан малчынын сөөгү табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан малчынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аламүдүн районунда 6-август күнү 37 жаштагы У.С. аттуу малчы мал кайтарууга чыгып кетип, кайтып келген эмес.

Анын кийимдери кечээ, 8-августта Октябрская жана Лубиная айылдарынын ортосунан агып өткөн Чу суусунун жээгинен табылган.

Бүгүн, 9-августта жерине издөө иш-чараларын улантуу максатында Аламүдүн райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 8 куткаруучусу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:23тө куткаруучулар тарабынан аталган жарандын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.