Марал Радиосу

Боомду сел каптаган учурда жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматкер сыйланды

Боом капчыгайында сел жүрүп, жол жабылган учурда баткакта унаа кыймылын көзөмөлдөгөн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

5-августта «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаа жолунун 135-136 чакырымында Боом капчыгайында үчүнчү ирээт сел жүргөн.

Окуяга күбө болгондор тизесине чейин ылайга баткан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринин видеосун бөлүшкөн.

Бүгүн, 9-август күнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан милициянын прапорщиги Жалилдин Бейшенбаевге ыраазычылык билдирип, министрликтин кол сааты тапшырылган.