Марал Радиосу

Ошто 12-августта эл аралык веложарыш башталат

12-августта Ош шаарынын борбордук аянтында Silk Road Mountain Race — 2022 эл аралык веложарышы башталат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага 25 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө.

Иш-чараны Ош шаарынын мэриясынын көмөгү менен Дене тарбия жана спорт департаменти уюштурууда.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарында жазгы веложарыш өтүп, ага 2 миңдей адам катышкан.