Учурда Ош шаарындагы мектептерде мугалимдер жетишсиз. Тагыраагы, 200гө жакын бош орун бар, анын ичинен 7 орун мамлекеттик тилде окуткан мектептерде, 188 орун орус тилинде билим берген мектептерде. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Мектептердеги бош орундардын тизмеси:
- Башталгыч класстардын мугалимдери – 47 адис (орус тилдүү мектептерде).
- Орус тили жана адабияты мугалимдери — бардыгы болуп 36 адис. Анын ичинен 33 адис орус тилинде окуткан мектептерде, 2 адис мамлекеттик тилде окуткан мектептерде жана 1 адис өзбек тилиндеги мектептерде.
- Математика мугалимдери – 22 адис. Анын ичинен 20 адис орус тилдүү мектептерге, 1 адис мамлекеттик тилде билим берген мектептерге жана 1 адис өзбек тилдүү мектептерге.
- Физика мугалимдери — 15 адис. Анын ичинен орус тилдүү мектептерге 14 адис, өзбек тилдүү мектепке 1 адис.
- География мугалимдери – 14 адис. Анын ичинен 13 адис орус тилинде окуткан мектептерге, 1 адис өзбек тилиндеги мектепке.
- Англис тили мугалими – 10 адис, тарых мугалими – 10 адис, дене тарбия мугалими – 10 адис, химия мугалими – 8 адис, музыка мугалими – 8 адис.