Марал Радиосу

Бишкекте “Таатан” соода борборунун аймагынан өрт чыкты

Бүгүн, 8- августта Бишкек шаарынын Свердлов районунун Лермонтов көчөсүндө жайгашкан «Таатан» соода борборунун аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдее 5 бөлүм тартылган.

Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, Тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталып, кошумча маалымат берилет.