Connect with us

9-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 445 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 9-августта Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана  Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,

Нарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +30…+35,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +29…+31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM