Баткен облусунда 8 жаштагы жеткинчек октон жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Кечээ, 7-августта саат 19:00дөр чамасында Баткен облусунун Баткен районундагы «Миң-Булак» чек ара тозотунун нөөмөттөгү жоокери Ж.у.К. «Миң-Өрүк» убактылуу чек ара өтмөгүнүн аймагында турганда анын жанына 8 жаштагы үч бала келген. Жоокер Ж.у.К. алаксый түшкөндө балдардын бири 2013-жылы туулган С.Б. куралды алып, атып жиберген. Натыйжада ок 2014-жылы туулган С.А.К.га тийген.
Өспүрүм дароо Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилген. Бүгүн, 8-август күнү саат 13:30га карата баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.
Аталган факт Баткен облустук ички иштер башкармалыгына каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган, анын жүрүшүндө зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган.
Мындан тышкары, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан жоокер Ж.у.К.нын аракеттерине карата текшерүү жүргүзүүдө.