Connect with us

Майлуу-Сууда мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылды

Кыска кабар | 8 Авг 2022 | 164 | 0

Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаардык прокуратурасы тарабынан 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2010-жылдагы токтомуна ылайык, шаар аймагынан Майлуу-Суу электр лампа заводуна жел тилкеси мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Жер тилкесин кайтаруу максатында, шаардык прокуратура тарабынан сотко доо арыз келтирилип, жыйынтыгында толук канааттандырылган.

Мындан сырткары, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуунун четтетүү үчүн, шаардык прокуратура тарабынын сунуштама келтирилип, жыйынтыгы менен 275 миллион 753 миң 195 сомго бааланган жалпы 30 460.0 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM