Марал Радиосу

Бишкекте эки кабаттуу үй толугу менен күйдү

Бишкек шаарында эки кабаттуу турак үй толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Чоң-Арык айылынын Соликамская көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:40та Ленин жана Октябрь райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 05:51де чектөөгө алынып, 08:44тө толугу менен өчүрүлгөн.

Такталган маалымат боюнча, өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Өрттөн жабыркагандар жок.