Марал Радиосу

Ноокенде 220 орундуу жаңы мектеп курулду

Ноокен районуна караштуу Кара-Булак айылында 220 орундуу мектептин жаңы имараты ачылды.

Окуу имаратын курууга «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылган.

Эскерте кетсек, өткөн жылы пайдубалы түптөлүп, быйыл ишке берилип жаткан аталган мектептин кошумча имараты 220 окуучуга ылайыкташкан.