Марал Радиосу

Майлуу-Сууда кайрымдуулук фондунун колдоосу менен ФАП ачылды

Бүгүн, 7-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Майлуу-Суу шаарындагы фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) ачылышына катышты.

ФАПтын курулушуна «Ассанабил» кайрымдуулук фонду көмөк көрсөткөн.

Төрага дарыгерлердин ишине жогору баасын берип, ак халатчандарга ийгиликтерди каалады.