Марал Радиосу

Чүйдө унаа каналга түшүп, айдоочусу каза болду

Бүгүн, 7- августта Чүй районунун Шамшы айылында Volvo үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп, айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыктан унаанын айдоочусу 1992-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран көз жумган.

Жерине саат 03:20да Токмок шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, саат 04:21де кошумча  Токмок шаардык бөлүмүнөн 2 суучул тартылып, унаа суудан чыгарылып, жарандын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.