Марал Радиосу

Ысык-Көлдө изделип жаткан спортчу жээке өзү сүзүп келди

Бүгүн, 6-августа Ысык-Көлдө болгон катуу толкундан улам дайынсыз болуп жаткан спорчу табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Түшкү саат 13:00 чамасында Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыгышып, сүзүп бара жаткан учурда көлдүн ортосунда чоң толкун болуп, бир спортчу дайынсыз болгону кабарланган.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Балыкчы шаардык куткаруучулар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Тоң райондук бөлүмдөн дагы 4 куткаруучу тартылган.

Саат 16:30 чамасында 1974-жылы туулган Е.И.В аттуу жаран Тору-Айгыр айылынан көлдүн жээгине аман-эсен өзү сүзүп чыккан.