Марал Радиосу

Ошто санитардык норманы сактабаган 6 кафе убактылуу жабылды

Ошто санитардык-эпидемиологиялык бөлүм тарабынан жүргүзүлгөн рейдде 6 коомдук танамактануучу жайдын иши убактылуу токтотулуп, жалпы 120 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Ошто июль айынын баштап, коомдук тамактануу жайларында санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышына карата пландуу рейд жүргүзүлүүдө.

Бир күн мурда жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө санитардык талаптарды бузуу фактылары аныкталган кафе-ресторандарга 5 миңден 13 миң сомго чейин административдик айып салынып, тартип бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган.

Мындан тышкары, мыйзам бузуулар жоюлганга чейин 6 коомдук тамактануу жайдын иши убактылуу токтотулган.  Рейддик иш-чаралар улантылат.