Биз менен байланышыңыз

1-сентябрга чейин транспорт жана турак жай салыгы боюнча маалыматтык эсеп берилиши керек

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 79 | 0

Мамлекеттик салык кызматы 1-сентябрга чейин учурдагы салык мезгили үчүн транспорт каражатына жана турак жайга салык боюнча маалыматтык эсепти толтуруп, салык органына тапшыруу керектигин эскертет.

Салык төлөгөнгө чейин төмөнкүлөр тапшырылышы керек:

  • транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-090);
  • турак жай имаратына, курулушка жана жайга мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсеп формасы (FORM STI-086).

Маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшырса болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн административдик айып каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM