Биз менен байланышыңыз

Ошто 24 жаштагы Гаухар Жолболдуева изделүүдө

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 965 | 0

Ош шаарында дайынсыз болуп аткан 24 жаштагы Жолболдуева Гаухар Толкуновна изделүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-майда Ош шаарынын тургуну 55 жаштагы М. А. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү 10:00 чамасында 24 жаштагы кызы Жолболдуева Гаухар Толкуновна Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы үйүнөн 150 миң сом акча жана алтын буюмдарын алып, белгисиз тарапка чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын жана Бишкек шаарына барышы мүмкүн экениндигин билдирген.

Бул окуя боюнча материалдар Ош милициясында катталап, ошол күндөн бери изделүүдө. Бирок, натыйжа болбогондуктан милиция коомчулуктан жардам сурайт.

Эгерде Гаухар Жолболдуеванын жүргөн жерин билгендер болсо, милициясынын байланыш номерлерине кабарлап коюуга болот. Байланыш номерлери: 0(3232) 5-31-82, 0(553)541010,0(778)18-19-20, 0(755)16-04-92.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM