Марал Радиосу

Төрөбаев менен Зулушевдин Чүйдөгү эл менен жолугушуулары аяктады

Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Чүй облусунун калкы менен жолугушуулары аяктады. Ага жалпысынан облустун 2 миңден ашуун тургуну катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 5-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кемин жана Чүй райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундары менен жолугушту.

Бакыт Төрөбаев белгилегендей, бул жолугушуулар президенттин тапшырмасы боюнча өткөрүлүүдө жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо жана прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлүү маселелерди чечүүдө жарандарга даректүү жардам көрсөтүүгө багытталган.

Эки райондун тургундары жерди пайдалануу жана суу менен камсыз кылуу, инфраструктураны жакшыртуу маселелерин көтөрүштү.

Буга чейин мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук, Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунун тургундары менен жолугушуулар өткөн.

Мындай жолугушуулар өлкөнүн башка облустарында да өткөрүлөт.