Биз менен байланышыңыз

Түркиядагы мелдеште кийиле турган форма даяр болду (сүрөт)

Кыска кабар | 6 Авг 2022 | 608 | 1
Кыргызстандын курама командасынын Ислам шериктештиги оюнундарына кие турган параддык жана спорттук кийимдери даяр болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Параддык форманы курама команда 9-август күнү мелдештин ачылыш аземинде кийип чыгат. Аны ата мекендик BAIRA мода үйү даярдады. Ал эми спорттук кийимдерди JOMA компания тикти.

Эске салсак, март айында Дене тарбия жана спорт департаменти, Улуттук Олимпиада комитети менен биргеликте «Кыргызстан курама командасынын спорттук экипировкасын танда» аттуу сынак жарыялаган. Анда дизайнерлердин эмгектери кабыл алынып, сынактын 2-турунда коомчулуктун тандоосуна коюлган. Жыйынтыгында параддык жана спорттук формалар тандалып алынды.

9-18-август күндөрү Түркиянын Конья шаарында Ислам шериктештиги оюндары өтөт. Ага жалпы 56 өлкөдөн 4200 спортчу катышып, 483 медаль ойнотулат. Аталган мелдешке Кыргызстандан 158 спортчу, спорттун 16 түрүнөн катышат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токон эже.

    06.08.2022 12:26

    Спортсмендердин формасы сонун экен, женишке жетишип кыргыз желегин желбиретип женишке жетишинерг тилектешмин.🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM