Марал Радиосу

Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды

Боом капчыгайында жол бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары жана шагыл «Бишкек – Нарын – Торугарт» унаа жолунун 136-чакырымы жана 138-чакырым аралыктарында эки тилкесин каптап, жол убактылуу жабылган.

Учурда ӨКМдин «Бишкек – Нарын – Торугарт» унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган 4 куткаруучу жана №32 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жолду тазалоодо.

Ушуну менен акыркы бир жумада Боом капчыгайында үчүнчү жолу сел жүрдү.