Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда 14 жаштагы Элдияр Кайымов изделүүдө

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 208 | 0

Кызыл-Кыя шаарында 14 жаштагы Элдияр Кайымов изделүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 41 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып,  2008-жылы туулган уулу Кайымов Элдияр Таалайбековичти 20-июль күнү мурунку күйөөсү Кайымов Таалайбек Шакирович алдап үйүнөн алып чыгып кеткендигин билдирген.

Бул факты Кызыл-Кыя шаардык милициясына катталып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө атасы алып кетпегендиги белгилүү болгон.

Элдияр Кайымовдун өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, кашы-көзү кара түстө, чачы кыска, кара тору.

Эгерде Элдияр Кайымовду жүргөн жерин билгендер болсо, Кызыл-Кыя милициясынын байланыш номерлерине кабарлап коюуга болот. Байланыш номерлери: (03657) 102, 5-04-20, 0(779) 818 131.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM