Марал Радиосу

Азимбек Бекназаров кызматынан бошотулду

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынгандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров элчилик кызматына 2019-жылдын декабрында дайындалган.

Эске салсак, ал биликтин «Кумтөр» боюнча акыркы чечимин сынга алган болчу.