Биз менен байланышыңыз

Боом капчыгайында кайрадан сел жүрүп, жол жабылды (видео)

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 2194 | 0

Бүгүн, 5-август күнү Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагындагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» унаажолунун 134, 135-чакырымында, Боом капчыгайында жаан-чачындан пайда болгон селдин кесепетинен көчкү түшүп, жолдун эки багыты тең жабылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Учурда көчкүнү тазалоо иштерине баардык керектелүүчү техника тартылып, жолдун кыймылдуу бөлүгүн тазалоо иштери эки тарабынан тең  жүрүүдө.

«Бишкек-Нарын-Торугарт» унаажолунун Боом капчыгайы аркылуу баардык унаалардын кыймылына чектөөлөр киргизилип, жол кыймылынын кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүрүзүлүүдө.

Жол тазалоо мекемесинин кызматкерлери жолду тазалап жетишпей жатышкандыгын түшкөн көчкүнүн көлөмү көп экендиги менен түшүндүрүшүүдө.

Ушуну менен акыркы бир жумада Боом капчыгайында үчүнчү жолу сел жүрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM