Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди

Кыска кабар | 5 Авг 2022 | 308 | 0

Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди. «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 4-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун улук инженери Гэн Джун жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар темир жолдорду курууда ишти күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Тактап айтканда, учурда тараптар «Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Министрлик буга чейин темир жолду куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген.

Кыргызстандын жетекчилиги темир жол куруу долбоорун тезирээк ишке ашырууга кызыктар. Ошондуктан, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тез арада иштеп чыгууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Учурда Кытайдын долбоорлоо институтунан 80 адис Кыргызстанга келип, ТЭНи даярдоо боюнча иштери башталды.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору Евразия темир жол түйүнүнүн Борбор Азия тилкесиндеги альтернативдүү жана маанилүү линияларынын бири болуп калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM