Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан «Консул маалымдайт» долбоору ишке киргизилди. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматына ылайык, дипломатиялык өкүлчүлүк көрсөткөн консулдук кызматтар жана консулдук-укуктук маселелер боюнча актуалдуу маалыматтар тууралуу жарандарды маалымат менен камсыз кылууну жогорулатуу максатында ишке ашырылууда.
Бул долбоор аркылуу жарандарга ар кандай консулдук маселелер боюнча түшүндүрмөлөр камтылган видеолор сунушталат.