Марал Радиосу

Ошто суу түтүгү аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз өтүп жүргөндөр кармалды

Ош облусунда суу түтүгү аркылуу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга «Ф» аттуу жаран адамдарды Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өткөрүп, мыйзамсыз миграция уюштуруп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт боюнча Ош облустук милициясынын тергөө кызматы тарабынан 10-майда Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Араван районунун Төбө-Коргон айылынын 36 жаштагы Р.Ф. аттуу тургуну кармалган.

Ал тергөөдө Өзбекстандын жараны менен мыйзамсыз миграцияны уюштурууну сүйлөшүп, бир жагы Кыргызстандын аймагында, экинчи жагы Өзбекстандын аймагында орун алган суу агуучу темир түтүк аркылуу Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүүнү уюштургандыгы аныкталган.

Чек арадан мыйзам өткөрүүнү уюштургандар камакка алынып, ал эми өздүгү аныктала элек Өзбекстандын жаранын аныктоо максатында кошуна мамлекеттин укук коргоо органдарына эл аралык келишимдердин алкагында тийиштүү документтер даярдалып жөнөтүлгөн.