Марал Радиосу

«Озон» кампасындагы өрттөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

3-августта Орусиянын Москва облусунун Истра районундагы Петровское айылында жайгашкан «Озон» кампасынан өрт чыккан. Өрт 55 миң чарчы метр аянтка жайылган. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча ыкчам штабынын маалыматы боюнча, өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланган. Жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экендигин Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Озон» компаниясынын коммуникация боюнча директору Мария Зайкина, 12 адам медициналык жардам сурап кайрылганын, он жаран жеринде жардам алганын, эки адам ооруканага жаткырылганын билдирген. Өрттөн бир адам каза болгон.

Өрттөн келтирилген зыянды көлөмү 10 миллиард рублдан ашык деп эсептелүүдө.