Марал Радиосу

Улуттук банк Ысык-Көлдө лицензиясы жок акча алмаштырган жаранга айып салды

Улуттук банк лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыргандыгы үчүн дагы бир жаранга айып салды.

Улуттук банктан билдиришкендей, банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы Кыргзстандын жараны К.К.З. карата 17 миң 500 сом суммасында айып пул салды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ысык-Көлдө ушундай эле мыйзам бузуу үчүн үч жаранга айып пул салынган. Июнь жана июлдун башында дагы бир канча учур катталган.