Марал Радиосу

«Салык чек» лотереясынын экинчи туру 1-октябрда ойнотулат

Салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын экинчи туру 1-октябрда ойнотулат. Бул туурасында Салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, акциянын экинчи туру 1-октябрда жыйынтыкталып, лотерея атайын компьютердик программа менен капыстан тандап алуу генератору (рандом системасы) аркылуу ойнотулат.

Лотереядан уткан жаран байгесин үч айдын ичинде алып кетиши керек, андан кийин берилбейт.

Экинчи турда автоунаа, iPhone, смартфондор жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Лотереяга катышуу үчүн:

– Google play же AppStore аркылуу «Салык чек» мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү керек;

 товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда ККМдин гана кассалык чегин талап кылуу;

– мобилдик тиркемеге алынган кассалык чектин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Система сканерден өткөн кассалык чектин топтолгон суммасын утушка катышуу үчүн уникалдуу номерлерге автоматтык түрдө алмаштырат. 1000 сомго 1 уникалдуу ID номер ыйгарылат.