Биз менен байланышыңыз

Дайырбек Орунбеков Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүн жетектейт

Кыска кабар | 3 Авг 2022 | 1334 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Дайырбек Орунбеков президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык, Алтынбек Жумаев президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси кызматынан бошотулду.

Журналист Дайырбек Орунбеков буга чейин бир катар министрлердин кеңешчиси жана мамлекеттик ишканалардын маалымат бөлүмдөрүн жетектеп келген.

Ошондой эле V чакырылыштын депутаты Урмат Аманбаеванын коомдук башталыштагы кеңешчиси болгон.

 

Copyright © 2017 Maral FM