Марал Радиосу

Милициянын кайгуул кызматкери Түркияда өткөн мелдеште алтын курга ээ болду

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн WAKO PRO мелдештинде 71 кг салмактагылар арасында кикбоксинг боюнча чемпиону болду. Аны «Ош» эл аралык аэропортунан Ош милициясынын кайгуул кызматынын кызматкерлери, Ош шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Аброр Хакимов Ош милициясынын кайгуул кызматынын саптык батальонунун 2-взводунун кызматкери. Ал профессионал мушкерлер арасында Түркияда өткөн Кикбоксинг боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан катышып, алтын курду уткан.