Марал Радиосу

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болду

Бүгүн, 3-август күнү саат 07:40 чамаларында «Балыкчы–Ананьево–Каракол» унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Кырсыктын кесептетинен жалпы 23 адам жабыркап, үчөө Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилген. Ал эми эки жүргүнчү жеринде каза болуп, сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.